Максатбек ажы Токтомушевдин тарапташтары митингге чыкты. Сүрөттөр

Максатбек ажы Токтомушев кечээ муфтияттагы каржы маселесине байланышкан жаңжалдан кийин кызматтан баш тарткан. Ушул эле күнү бул ишке байланыштуу камакка алынган.
Sputnik
БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Мурдагы муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин бошотулушун талап кылгандар УКМКнын алдына митингге чыкты.
1 / 4
Мурдагы муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин бошотулушун талап кылгандар УКМКнын алдына митингге чыкты
2 / 4
Атайын кызматтын имаратынын алдына чогулган 40ка чукул адам колдоруна "Максат ажыга боштондук" деп жазылган баракчаларды кармап алышкан
3 / 4
Митинчилер мурдагы муфтийди абакта кармоо туура эместигин айтып, сот чечим чыгарганга чейин ал үй камагында болушу керектигин жана иш калыс иликтенишин талап кылышууда
4 / 4
Максатбек ажы Токтомушев 10-февраль күнү мфтияттагы каржы маселелерине байланышкан жаңжалдан кийин кызматтан баш тарткан. Ошол эле күнү кечинде УКМК тарабынан кармалып, эки айга камакка алынды.
Атайын кызматтын имаратынын алдына чогулган 50-60ка чукул адам колдоруна "Максат ажыга боштондук" деп жазылган баракчаларды кармап алышкан.
Кадыр Маликов муфтияттагы кырдаал боюнча үн катты
Митингчилер мурдагы муфтийди абакта кармоо туура эместигин айтып, сот чечим чыгарганга чейин ал үй камагында болушу керектигин жана иш калыс иликтенишин талап кылышууда.
Максатбек ажы Токтомушев 10-февраль күнү муфтияттагы каржы маселесине байланышкан жаңжалдан кийин кызматтан баш тарткан. Ошол эле күнү кечинде УКМК тарабынан кармалган.