БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Быйылкы окуу жылы башталгандан бери окуучулар арасында кононавирус жуктуруп алгандар эң көп ноябрь айында катталган. Бул маалда өлкө боюнча 320 окуучу вируска чалдыкканын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Бардыгы болуп Кыргызстанда 85 328 киши коронавируска кабылды. Алардын арасынан 2 464ү (2,9 пайызы) мектеп курагындагы балдар. Ал эми мектепке чейинки курактагы бөбөктөр арасында 1 432 (1,7 пайыз) учур катталган.
Айларга бөлүп карай турган болсок, сентябрда — 48, октябрда — 315, ноябрда — 320, декабрда 214, ал эми январда — 109 окуучу вирус жугузган.