БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Былтыркы жылы Кыргызстандан башка мамлекеттерге которулган каражаттын жалпы көлөмү 488 миллион 230 миң долларды түзөт. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
Бул жеке тараптардын акча которуу системасы аркылуу жасаган транзакциялары болуп саналат.
2019-жылы 554,6 миллион доллар каражат сыртка чыгарылып, рекорддук сумма катталган.
2018-жылы бул боюнча көрсөткүч 542,3 миллион болгон. Ал эми былтыркы көлөм өлкө тарыхындагы тизмеде үчүнчү орунга чыкты.