БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Бишкектин четиндеги ГЭС-2 аймагында бир адамдын өмүрүн алган кырсык газ түтүкчөсүнүн жарылуусунан келип чыккан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
ӨКМдин такталган маалыматы боюнча, Аламүдүн районунун Гагарин көчөсүндө жайгашкан №68 турак үйдөн жаратылыш газ түтүкчөсү жарылган. Жерине саат 15:00дө 5 куткаруучу, саат 15:05те штаб жана Газ кызматынан бирден бригада тартылган.
Мунун кесепетинен турак үй урап түшүп, 14 жаштагы бала набыт болгон. Дагы бир жаракат алган кишини ооруканага алып кетишкен. Абалы канааттандырарлык.
Sputnik Кыргызстан агенттиги каргаша боюнча тексттик трансляция жүргүзүп, жеринен түз алып берип жатат.