Радио

Мусабеков: ырдай алганы да, албаганы да бир сахнада аралашып калдык

Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын солисти, маданияттын мыкты кызматкери Аскат Мусабеков билет, афишаларга милдеттүү түрдө "фонограмма" же "жандуу үн" деп жазуу боюнча пикирин айтты.
Sputnik
Ылайыктуу шарт түзүлсө ырчылардан жандуу үн менен ырдоону талап кылса болот. Бул тууралуу Аскат Мусабеков Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жандуу үн менен ырдоо талабы өнөр адамдарын электен өткөрүп алууга жол ачат.
"Маданият мекемелеринде тартууланып жаткан концерттердин афишаларында жана билеттеринде "жандуу үн" же "фонограмма менен" деп милдеттүү жазуу боюнча буйругуна көз карашым түз. Анткени мындай нерсе айрым чет өлкөлөрдө талап кылынат. Себеби учурда ырдай алганы, албаганы болуп бир сахнада аралашып калдык. Ошондой эле бул талапты көрүүчү, угуучулардын укугун коргоо катары сыпаттоого болот. Болгону ырчылар үчүн сахналарда жакшы акустика, тийиштүү жабдуулар болушу зарыл. Ырчылардан жандуу ырдоону талап кылып, бирок шарт түзбөй койгон дагы туура эмес. Мисалы, учурда Улуттук филармонияда мындай шарттар бар. Бирок башка концерттик залдар, тилекке каршы, аталган талаптарга жооп бербейт", — деди Мусабеков.
Ырчы стадиондордогу концерттерде жандуу үн менен ырдоо татаал экенин кошумчалады.