Ошто бир киши көз жумду. COVID боюнча жаңы статистика

Учурда стационарда дарыланууда 427 бейтап жатат. Алардын ичинен үчөө канааттандырарлык, 281и орточо оор, 117си оор, 26сы өтө оор абалда.
Sputnik
БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда COVID-19 вирусу 75 кишиден табылып, 83 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
Ушуну менен өлкө боюнча коронавирус жуктургандардын саны 85 328ге жетти.
Айыккандар:
Айыккандардын жалпы саны 82 006 болду.
Өткөн суткада коронавирус бир адамдын өмүрүн алган. Ал Ош облусунун тургуну болчу. Коронавирустун курмандыгы болгондордун саны 1 437ге жетти.
Учурда стационарда дарыланууда 427 бейтап жатат. Алардын ичинен үчөө канааттандырарлык, 281и орточо оор, 117си оор, 26сы өтө оор абалда. 522 бейтап амбулатордук дарыланууда.
Бир сутка ичинде өлкө боюнча медицина кызматкерлери арасында коронавирус жуктуруп алган учурлар катталган жок. Эки медик вирустан сакайып чыкты.