Кубанычбек Кадыровдун бир тууганы Бишкектин прокурору болду

Буга чейин Бишкек шаарынын прокурору кызматын аркалап келген Темирбек Бекмаматов өз каалоосу менен өткөн жумада кызматтан кеткени айтылган.
Sputnik
БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Марсбек Кыдыкбаев Бишкек шаарынын прокурору болуп дайындалды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.
Тиешелүү буйрукка башкы прокурор Курманкул Зулушев кол коюп, калаанын жаңы прокурору жамаатка тааныштырылган.
ЖК депутаты президенттин аппаратына бөлүм башчы болуп дайындалды
Буга чейин Бишкек шаарынын прокурору кызматын аркалап келген Темирбек Бекмаматов өз каалоосу менен өткөн жумада кызматтан кеткени айтылган.
Белгилей кетсек, Марсбек Кыдыкбаев Токмок шаарынын прокурору болуп иштеген. Айрым ЖМКлар ага бир нече берене менен кылмыш иши козголуп кийин акталып чыкканын жазып чыгышты.
Марсбек Кыдыкбаев — бийликти күч менен басып алуу боюнча соттолуп, абактан чыккан Кубанычбек Кадыровдун бир тууган иниси.