Башкы прокуратура: Абдил Сегизбаевге карата алты кылмыш иши бар

Башкы прокурор кылмыш иштери боюнча толук маалымат берген жок. Азырынча экөөсү гана коомчулукка белгилүү.
Sputnik
БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. УКМКнын мурдагы жетекчиси Абдил Сегизбаевге карата алты иш бар. Алардын бешөө тергелип жатат. Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев соцтармакка жарыялады.
Анын айтымына караганда, тергөө бардык иш боюнча өзүнүн баасын берет. Мында саясий куугунтук жөнүндө сөз дагы болушу мүмкүн эместигин белгилеп кеткен. Анткен менен Зулушев элге белгилүү болгон эки иштен башка дагы кайсы кылмыштар жөнүндө сөз болуп жатканын тактаган эмес.
"Белизгейт" боюнча ошол убакта саясатчылар кордолгонун билесиздер да. Индира Жолдубаеваны да суракка чакырып жатышат. Күнөөсү барлардын бардыгы жооп бериши керек. Ал эми күнөөсү жокторду саясий ураан менен жоопко тартпаш керек", — деди Зулушев.
УКМК Максат ажы Токтомушевди кармады
Сегизбаевге кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу жана башка мыйзамсыз аракеттери, "Белизгейт" иши боюнча күнөө коюлууда. Анда ал УКМКны жетектеп турган кезде Жогорку Кеңештин депутаттары Алмамбет Шыкмаматов, Аида Салянова жана Өмүрбек Текебаевдин беделине атайылап шек келтирип, кылмышка айыптаганы белгиленген.
Ошондой эле ага "Коррупция" беренеси менен дагы кылмыш иши козголгон.
27-январда сот Сегизбаевдин баш коргоо чарасын карап, 25-мартка чейин УКМКнын тергөө абагына киргизүү чечимин кабыл алган.