Радио

Ниязов: Асанкул Шаршеновдун 16 улуттун өкүлүн жалгыз ойногон спектакли бар

КРдин эл артисти Келдибек Ниязов белгилүү куудул, киноактер Асанкул Шаршеновду эскерип, актердук чеберчилиги тууралуу сүйлөп берди.
Sputnik
Асанкул Шаршенов өзү жалгыз аткарган "16 улуттун өкүлдөрүнүн жыйналышы" деген спектакль бар болчу. Бул тууралуу Келдибек Ниязов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, айтылуу куудулдун бул моноспектакли эки саатка чейин созулчу.
"Асанкул Шаршенов өзү жалгыз сахнага чыгып үч сааттык концерт коюп салчу. Эл кыраан-каткы түшөр эле. Анын концертинин эки сааттайын эле "16 улуттун өкүлдөрүнүн жыйналышы" деген спектакли түзчү. Ар бир улуттун костюмун кийип чыгып, сахнанын артына өтө калып, элдин алдына чыга калып баарын күлдүрчү. Аткарып жаткан образдарын да укмуш чеберчилик менен ачып берчү. Карап отурсаң ошол элдин өкүлүндөй эле кулк-мүнөзүн көрсөтүп коер эле ", — деди Ниязов.
Ал учурда куудулдун бул спектакли унутта калгандыгын кошумчалады.