Аламүдүн районунда жеке турак жай жарылып, урап түштү. Сүрөт, видео

Окуя шаардын жака белиндеги Аламүдүн районунда болгону айтылууда. Кырсыктын видеолору соцтармакка жүктөлүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Бишкектин четинде жеке турак жайдажарылуу болду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстанга окуянын күбөлөрү кабарлады.
Окуя шаардын жака белиндеги Аламүдүн районунда болгон. Кырсыктын видеолору соцтармакка жүктөлүүдө.
Чүй облустук милициянын маалымат кызматы жерине ыкчам-тергөө тобу, ӨКМдин куткаруучулары менен биргеликте чыгып кеткенин билдирди. Тез жардам кызматы дагы тартылган.