Эч нерсеси калбаптыр! Аламүдүндө жарылган турак үйдүн асмандан көрүнүшү

ӨКМдин алдын ала маалыматы боюнча, газ түтүгү жарылган. Жеринде 13 жаштагы бала каза таап, дагы бири ооруканага жеткирилди.
Sputnik
БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Жарылуу болгон жерде урандылар гана калган.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчылары окуя болгон жерди дрон менен видеого тартып алды.
Аламүдүндө турак үйдө болгон жарылуудан өспүрүм көз жумду. Быйыл 14кө чыкмак
Бүгүн күндүз Аламүдүн айылындагы турак үйдө жарылуу болду. ӨКМдин алдын ала маалыматы боюнча, газ түтүгү жарылган.
Кырсыктын кесепетинен 13 жаштагы бала каза болду. Дагы бир адам жаракат алып ооруканага жаткырылды. Аламүдүн райондук Тез жардам кызматы дагы бир кишини алып кеткени кабарланды.
Учурда эмне болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясынан окуңуздар.