Сый көрсөтүп... АКШлык музыкант өлгөн агасынын скелетинен гитара жасап алды. Видео

Ал кишинин маркумга сыйы чексиз болгондуктан элесин ушинтип түбөлүккө калтыруу чечимин кабыл алган.
Sputnik
АКШда Принц Полночь (Prince Midnight) каймана аттуу музыка ышкыбозу жакын тууганынын сөөгүнөн гитара жасап алды. Бул тууралуу "Российская газета" маалымат булагы жазып чыкты.
Ал мындай аракети менен өзүн бир кезде хеви-метал (рок-музыка) жанрына кызыгуусун арттырган тууганына урмат көрсөтүүнү чечкенин билдирди.
Рок музыкасына "бийлеген" жылан. Видео
Музыканттын айтымында, жол кырсыгына кабылып каза болгон жакыны сөөгүн илимге арноону керээз кылган. Скелет жыйырма жыл бою дарыгерлерди окутуу үчүн пайдаланылып, кийин жакын туугандарына, тактап айтканда, Принцке өткөрүп берилген.
Музыкант аны рок-музыкага үйрөткөн агасынын сөөгүн жерге берүүгө же өрттөөгө кыйбай, элесин түбөлүк калтыруу үчүн анын скелетинен гитара жасап алган. Принц тууганына зор урмат-сый көрсөткөнүн, чечими менен сыймыктанарын билдирди.