Жогорку Кеңештин депутаттары өздөрүнө ноутбук сатып алышты. Сүрөт

Парламенттин иш башкармалыгынын жетекчиси жыйындар залындагы ар бир ноутбук 40 миң сомго айланганын билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 10 -фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары өздөрүнө ноутбук сатып алышты. Техника бүгүнкү жалпы жыйында ар бир депутаттын столуна коюлган.
Парламенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Марат Матазимов ар бир ноутбук 40 миң сомго айланганын, муну эл өкүлдөрү жеке фондунун эсебинен алганын билдирди. Ал эми сервердик жабдууларын демөөрчүлөр камсыздап берген.
Мандатын алып коёт. Жаңы Конституцияда ЖК депутаттарынын укугу кандай өзгөрөт
Белгилей кетсек, 6-октябрдагы элдик толкундоо маалында Жогорку Кеңештин имараты талкаланып, техника уурдалган. Буга чейин жыйындар залына 143 ноутбук, 12 LED-монитор, 54 персоналдык компьютер жана 47 принтер сатып алууга тендер жарыяланып, бюджеттен 11,6 миллион сом каралган.
Матазимов аталган тендерге катышуучу компания чыкпагандыктан сурамды кайра артка чакыртып алганын билдирди.
Депутаттар жыйындар залындагы ноутбуктарды мыйзамдарга добуш берүү, катталуу, кезекке жазылуу жана сунушталган мыйзам долбоорлорунун электрондук версиясын окуу үчүн колдонот.