Бабанов Жапаровду миллиардер Алиджан Ибрагимовдун уулу менен тааныштырды

Галина Байтеректин айтымында, Жапаров, Бабанов жана Ибрагимов өлкөгө инвестиция тартуу маселеси тууралуу сүйлөшүшкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Өлкө башчы Садыр Жапаров саясатчы Өмүрбек Бабанов жана ишкер Шухрат Ибрагимов менен жолукту. Маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигине президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек тастыктады.
Анын айтымында, жолугушуу бүгүн, 10-февралда, болгон.
"Бул эми таанышуу иретинде жеке мүнөздөгү жолугушуу болду. Саясатчы Өмүрбек Бабанов Шухрат Ибрагимовду алып келип, өлкө башчы менен тааныштырып, анда инвестицияга байланыштуу маселелер козголду. Жолугушууда өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү үчүн инвестиция тартуу негизги тема болду. Жапаров мындан ары да чет өлкөлүк инвесторлор менен кезигип турат", — деди Байтерек.
Ал жолугушуу кимдин демилгеси менен уюштурулганын так билбей турганын кошумчалады.
Эске салсак, Шухрат Ибрагимов "Токмоктук Граф" деген ат менен белгилүү болгон миллиардер Алиджан Ибрагимовдун уулу.