УКМК: кримтөбөл "Дженго" жашырынган үй аныкталды. Сүрөттөр

Бүгүн, 10-февралда, мурда ачылган кылмыш ишинин алкагында Ош шаарындагы бир катар даректер боюнча атайын издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. УКМК "Дженго" каймана аты менен таанымал кримтөбөл Кадыр Досоновду издөөнү улантып, анын жеке буюмдары, мобилдик телефонун тапты. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
1 / 3
УКМК "Дженго" каймана аты менен таанымал кримтөбөл Кадыр Досоновду издөөнү улантып, анын жеке буюмдары, мобилдик телефонун тапты
2 / 3
Бүгүн, 10-февралда, мурда ачылган кылмыш ишинин алкагында Ош шаарындагы бир катар даректер боюнча атайын издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн
3 / 3
УКМК Досоновду бирөөнүн менчигине байланыштуу оор кылмышка шектүү деп ага издөө жарыялаган
Бүгүн, 10-февралда, мурда ачылган кылмыш ишинин алкагында Ош шаарындагы бир катар даректер боюнча атайын издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.
Өткөн жылдын соңунда УКМК кримтөбөл "Дженгонун" жакын адамы делген 31 жаштагы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн кармаган
"Тинтүүгө алынган үйлөрдүн биринде Кадыр Досоновдун жеке гигиеналык буюмдары, мобилдик телефону табылган. Мындан сырткары, тыюу салынган заттар, анын ичинде баңгизат табылды. Учурда Досоновдун жүргөн жерин аныктоо жана колго түшүрүү боюнча Ички иштер министрлиги менен биргеликте "Перехват" планы жарыяланды", — деп айтылат маалыматта.
УКМК Досоновду бирөөнүн менчигине байланыштуу оор кылмышка шектүү деп ага издөө жарыялаган.
Өткөн жылдын соңунда УКМК кримтөбөл "Дженгонун" жакын адамы делген 31 жаштагы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн кармаган.