Жогорку сот Самаковдун өкүмдөрүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөттү

Карганбек Самаков жер тилкелерин сатуу боюнча кылмыш ишине шектелип 2015-жылы кармалып, 11 жылга эркинен ажыратылган. 2019-жылы жатак абакка которулган.
Sputnik
БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Жогорку сот парламенттин экс-депутаты Карганбек Самаковго чыгарылган мурдагы өкүмдөрдү жокко чыгарды. Бул тууралуу Жогорку соттон билдиришти.
Кылмыш иш башка судьялардын курамы менен кайра кароо үчүн Октябрь райондук сотуна жөнөтүлдү.
Октябрь райондук соту 2017-жылдын 20-декабрында экс-депутат Карганбек Самаковду катаал тартипте 10 жылга эркинен ажыратуу туурасында өкүм чыгарган. Бирок эки мунапыс менен абак мөөнөтү үчтөн экиге кыскарган.
2019-жылдын март айында ал жаңы мыйзамдардагы гуманизациядан кийин жатак абагына которулган.
Жогорку сот Түлеевге чыккан өкүмдөрдү жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөттү
2008-жылы Байтик, Лебединовка жана Кара-Жыгач айыл өкмөттөрүндөгү айыл чарба жерлери жеке менчикке өткөрүлгөнү боюнча Самаковго 2015-жылы май айында кылмыш иши козголгон. Ал эми 2017-жылы он бир жылга эркинен ажыратуу чечими чыккан.
Самаковдон тышкары аталган иш боюнча уулу Кубанычбек Самаковго, Жаныш жана Курманбек Бакиевдерге да иш ачылган.
Мындан тышкары, Аламүдүн райондук соту тарабынан мыйзамсыз токтом чыгарып бергени үчүн ошол кезде өкмөттү жетектеп турган Игорь Чудиновго, биринчи вице-премьер Искендербек Айдаралиевге жана айыл чарба министри Арстанбек Ногоевге айып тагылган.