Саякатташың керек! Өзбекстанда эмгек өргүүнүн жаңы түрү пайда болду

Эс алуу учурунда кызматкер ата-энеси, өмүрлүк жары, жашы өтүп калган туугандары жана насаатчылары менен саякатташы керек.
Sputnik
БИШКЕК, 10-фев. - Sputnik. Эми өзбекстандыктар эмгек өргүүнүн жаңы түрүн пайдалана алышат. Бул тууралуу өлкө президенти Шавкат Мирзиёевдин жарлыгында айтылганын Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.
Маалыматка караганда, беш күндөн кем эмес эс алуу негизги эмгек өргүүнүн эсебинен эле берилет. Бирок бул учурда кызматкер ата-эне, өмүрлүк жары, жашы өтүп калган туугандары жана насаатчылары менен саякаттаса болот.
Мындай чечим Өзбекстандын ички туризмин өнүктүрүү боюнча документтер иштелип чыккандан кийин кабыл алынган.
Өзбекстан бай жана билимдүү чет элдиктерди тартуу үчүн жаңы виза киргизет
Ал эми өлкөнүн Эмгек кодексине ылайык, кызматкер бир жыл ичинде 15 күндөн кем эмес убакыт эс алууга укуктуу.
Мындан эки жыл мурда Мирзиёев Өзбекстанда мамлекеттик кызматкерлер ишембиде саат 17.00гө чейин иштеп, жекшемби күнү таптакыр ишке келбесин деп талап койгон. Мындай чечимин президент адам дем алыш күнүн үй-бүлөсүнө арнашы керек деп түшүндүргөн. Бул үчүн узакка созулган жыйындарды, зарылдыгы жок отчет берүү жана маалымат алуулардын санын кыскартууну тапшырган.