80ден ашык киши вирус жугузуп, Бишкекте 3 бейтап каза тапты. COVID статистикасы

Өткөн суткада коронавирус үч адамдын өмүрүн алган. Алардын бардыгы Бишкек шаарынын тургундары болгон. Ушуну менен вирустун курмандыгы болгондордун саны 1 436га жетти.
Sputnik
БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Өткөн суткада коронавирус 82 кишиден табылып, 98 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлады.
Кечээтен бери Ош жана Талас облустарында бир дагы адамдан коронавирус аныкталган эмес.
Жуктургандар:
Ушуну менен өлкө боюнча коронавирус жуктургандардын саны 85 253кө жетти.
Айыккандар:
Айыккандардын жалпы саны 81 923 болду.
Өткөн суткада коронавирус үч адамдын өмүрүн алган. Алардын бардыгы Бишкек шаарынын тургундары болгон.
ДССУ: коронавирустун азайганына кубануу азырынча эрте
Коронавирустун курмандыгы болгондордун саны 1 436га жетти.
Бир сутка ичинде өлкө боюнча беш медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Ошол эле учурда стационардан бир, үй карантининен бир медик чыгарылган.
Акыркы 24 саат ичинде 3 436 адамга ПЦР-изилдөөлөр жүргүзүлдү.