БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Италиялык футболчу Патрик Кутроне 51 күндө Европанын үч топ-лигасында ойноп тарыхта калды. Бул тууралуу Sports.ru сайты жазды.
Футболчуларга бир сезондо үч клубдун курамына жазылууга, бирок расмий оюндарда эки гана командага ойноого уруксат берилген. Бирок өткөн жылдын июнь айынан тарта Дүйнөлүк футбол федерациясы (ФИФА) ассоциациялар менен кеңешип, эрежеге убактылуу өзгөртүү киргизди. 2020/2021-жылдагы сезондун аягына чейин футболчулар үч клубга катталып, үчөөндө тең ойной алышат.
Кутроне Италиянын "Фиорентина" клубунда ижаралык негизде ойноп, команда келишимди мөөнөтүнөн мурда токтотуп, оюнчу Англиянын "Вулверхэмптон" клубуна кайра келген. Сезондун аягына чейин спортчу Испаниянын "Валенсия" клубунун катарына кошулган.
Ал арада Патрик жаңы команда үчүн дебюттук оюнун өткөрдү.