БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. COVID-19ду жуктургандардын саны дүйнө боюнча азайып бара жатканы менен коронавирустун "британдык", "түштүк африкалык" жана "бразилиялык/япондук" штаммдары өсүп жатат. Бул туурасында ДССУ атайын билдирүү жасагандыгын РИА Новости жазды.
"Төртүнчү жумадан бери ооруп калгандардын саны азаюуда. Өткөн аптада инфекция жуккан жаңы 3,1 миллион учур катталып, мурдагыга салыштырмалуу 17 пайызга аз болду. Бул 26-октябрдан (15 жума мурда ) берки апталык төмөн көрсөткүч. 14 күндөн бери катары менен өлүм саны азайып, жалпы 88 000 учуру катталган. Бул өткөн жумага караганда 10 пайызга аз дегенди билдирет", — деп айтылат аталган уюмдун сайтында.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) маалыматына таянсак, 1-7-февраль аралыгында ооруну жуктурган 3 153 426 учур жана 88 369 өлүм катталган.
ДССУ коронавирустун кооптондурган түрлөрү таралып жаткандыгын кабарлады. Маалыматтарга караганда, "британдык" штамм 86 өлкөдө кезиксе, "түштүк африкалык" штамм 44, "бразилиялык/япондук" түрү 15 мамлекетти аралап кеткен.