Түндө Бишкек шаардык сотунун эшигин бузуп киргендер изделип жатат

Кылмышкерлердин көздөгөн максаты азырынча белгисиз. Имараттан кылмыш иштери боюнча документтер жоголгон эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 10-фев. – Sputnik. Бишкек шаардык сотунун имаратынын ичине 10-февралга караган түнү белгисиз адамдар эшикти бузуп киришкен. Бул тууралуу аталган соттон билдиришти.
"Бардык документтер ордунда. Жарандык, кылмыш жана административдик иштер жоголгон эмес", — деп айтылат маалыматта.
Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.