Мэрдин милдетин аткаруучу Кудайбергеновдун бишкектиктерге берген 10 убадасы

Мэрдин милдетин аткаруучу мэриянын буга чейинки иш планы улантылып, кээ бир гана өзгөртүүлөр болорун кошумчалаган.
Sputnik
БИШКЕК, 10-фев. – Sputnik. Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Бактыбек Кудайбергенов Facebook баракчасына алдыга койгон эң башкы 10 милдетин жазды.
Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Бактыбек Кудайбергенов
Ал ар бир сунуш, долбоор, чечим дыкат ойлонулуп, реалдуу болушу негизги принциби экенин белгилеген.
"Шаардыктардын күнүмдүк жашоосунан баштап, келечектеги пландарга болгон суроо-талабын аз күндө деталдуу көрсөтүп, атайын маалымат жыйында кабарлайм. Бирок алдыга койгон эң башкы 10 милдетим менен тааныштыра кетейин", - деген Кудайбергенов.
Мэрдин милдетин аткаруучу мэриянын буга чейинки иш планы улантылып, кээ бир гана өзгөртүүлөр болорун кошумчалаган.
10 милдет:
"Урматтуу шаардыктар, бул негизги багыттар сиздердин суроо-талап менен толукталып кенен, деталдуу форматта дагы талкууга салам. Шаардыктар менен биргеликте аз убакытта мэрия эффективдүү иш алып барат деп кепилдик берем", - деди ал.
Кызматка келе элек жатып кеткендер. Мэр, спикер, директор...
Белгилей кетсек, өкмөт башчысы Улукбек Марипов кечээ күнү Эрмек Нургазиевди мэрдин милдетин аткаруучу кылып дайындаган чечимин бүгүн жокко чыгарды. Ал бир нече саат гана шаар башчысы кызматында болуп, социалдык тармактардан анын дарегине кескин сындар айтылган. Нургазиевди алдамчылыкка айыптап, 2019-жылы аял кишиге кол көтөргөнүн жазып чыгышты. Мындан улам анын ордуна бүгүн, 10-февралда, Бактыбек Кудайбергенов дайындалды.