Бейшембиге карата аба ырайы

11-февралга караган түнү жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар.
Sputnik
БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Бейшембиде күндүз көпчүлүк аймактарда жаан-чачын күтүлөт. Кээ бир райондордо туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +5…+10, Таласта +6…+11, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +12…+17, Ысык-Көл өрөөнүндө +3…+8, Нарын жергесинде 0…+5 градус болот.
Бишкек жана Ош шаарларында жаан жаайт. Күндүн табы борбордо +7…+9, Ош шаарында +12…+14 градус болору кабарланды.