Кыш кете электе... Баткенде жазгы айдап себүү жумуштары башталды. Сүрөт

Быйыл жазында облуста он миң гектарга буудай, он бир миң гектарга арпа себүү пландалган. 2021-жылы жазгы талаа жумуштарын өз убагында бүтүрүү үчүн облус башчысынын буйругу чыккан.
Sputnik
БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Жаз эрте келген Баткен облусунун Лейлек районунун Кулунду айыл аймагында 500 гектар жерге арпа себилди. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү билдирди.
Билдирмеде облустун башка аймактарында да жер айдоо жумуштары кызуу жүрүп жатканы белгиленди.
1 / 2
Жаз эрте келген Баткен облусунун Лейлек районунун Кулунду айыл аймагында 500 гектар жерге арпа себилди
2 / 2
Билдирмеде облустун башка аймактарында да жер айдоо жумуштары кызуу жүрүп жатканы белгиленди
Быйыл жазында облуста 9 247 гектарга буудай, 11 495 гектарга арпа себүү пландалган. Ошондой эле 1 450 гектарга дан буурчак, 432 гектарга май өсүмдүктөрүн эгүү аракеттери көрүлүүдө.
"Негизи 2021-жылдын түшүмү үчүн жаздык жана күздүк себүүдө 30 501 гектар жерге кылкандуу дан эгиндерин себүү пландалган. Облуста жаздагы айдап себүүгө айыл чарба техникасы даяр. Күйүүчү жана майлоочу майлар жылдагыдай эле жетиштүү. Дыйкандарга мамлекет тарабынан арзандатылган баада сатуу уюштурулууда. Учурда жер семирткич, үрөн жергиликтүү базарларда сатылып жатат", — деп айтылат маалыматта.
Баткен облусунда 2021-жылы жазгы талаа жумуштарын өз убагында бүтүрүү максатында облус башчысынын буйругу чыккан. Анын алкагында пандемияга байланыштуу азык-түлүк коопсуздугун алдын алуу, бааларды турукташтыруу, айдоо аянттарын кеңейтүү, негизги керектелүүчү продукцияларды өндүрүү менен көлөмүн өстүрүүнү колго алуу, дыйкандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча тапшырмалар берилген.