Жаңы Конституциянын долбоору Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды

Мыйзам боюнча, парламент долбоорду колдоп же четке кагып, эгер жактырылса, референдум дайындашы керек.
Sputnik
БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Жаңы Конституциянын долбоору Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланып, коомдук талкууга коюлду. Мыйзам боюнча, Жогорку Кеңеш жаңы Конституциянын долбоорун колдоп же четке кагып, эгер жактырылса, референдум дайындашы керек.
Жашоо керемет болбойт! Депутаттар парламентаризмден баш тартууга даярбы
Өткөн аптада ЖКнын үч депутаты Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумду жөнөкөйлөштүрүп, тез аранын ичинде өткөрүп салууну демилгеледи. Алар мыйзам долбоорун коомдук талкуусуз эле үч окуудан тең бир күндө өткөрүүнү сунуштап жатат.