Жогорку сот Түлеевге чыккан өкүмдөрдү жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөттү

Нариман Түлеев 2012-жылы Кытайдан автобустарды сатып алууда мыйзамсыз иштерге барган деп кармалып, абакка кесилген. Ал кийин мамлекетке 60 миллион сомду кайтарып берип эркиндикке чыккан болчу.
Sputnik
БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Жогорку сот Бишкек шаарынын мурунку мэри Нариман Түлеевге карата чыгарылган мурдагы өкүмдү жокко чыгарды. Бул тууралуу Жогорку соттон билдиришти.
Мындай чечим бүгүн кабыл алынган. Жаңы ачылган жагдайлар боюнча ишти кайра кароо тууралуу адвокат Александр Мощиндин өтүнүчү судья тарабынан канааттандырылган.
Жогорку сот Сапар Исаковдун Тарых музейи боюнча өкүмүн жокко чыгарды
Ошентип, Ленин райондук сотунун 2013-жылдын июль айындагы баштапкы өкүмү, 2014-жылдын декабрь айындагы Бишкек шаардык сотунун жана 2015-жылдын ноябрь айындагы Жогорку сотунун токтомдору жокко чыгарылды.
Иш кайра кароо үчүн Ленин райондук сотуна жөнөтүлдү.
Түлеев өзү Facebook баракчасына башынан эле күнөөсүн мойнуна албаганын, бирок "бейкүнөө жигиттер үй-бүлөсүнөн алыс темир тор артында жатып калбасын" деп материалдык чыгымды төлөп бергенин билдирди.
"Жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндөн кийин мен күрөштү токтоткон жокмун, биз сотко кайрылып, күнөөсүз экенибизди далилдедик, ошентип тарыхый күн да келди", — деп жазды ал.
Бишкек шаарынын мурдагы мэри жана Жогорку Кеңештин экс-депутаты Нариман Түлеев 2012-жылы коррупция беренеси менен айыпталып, 2008-жылы Кытайдан жүргүнчү ташыган автобустарды сатып алууда жана 200 миллион сомдук муниципалдык облигацияларды чыгарууда мыйзамсыз аракеттерге барган делип кылмыш иши козголгон.
Жээнбековдун "кишилери", сурак жана кызмат. Алтынай Өмүрбекованын маеги. II бөлүк
2013-жылы Ленин райондук соту Түлеевди 11 жылга эркинен ажыраткан. 2014-жылы декабрда Бишкек шаардык соту райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырган. Ал эми туура бир жылдан кийин Жогорку сот эки инстанциянын чечимин колдогон болчу.
Нариман Түлеев мамлекетке 60 миллион сомду кайтарып берип, 2016-жылы 7-майда эркиндикке чыккан. Бул сумманын жарымын акчалай, калганын кыймылсыз мүлк (11 батир) менен төлөп берген.