УКМК: Таласта мектеп директору мугалимдердин айлыгынын бир бөлүгүн алып турган

Мектеп директорунун иш бөлмөсүн тинтүү учурунда мугалимдердин жана техникалык кызматкерлердин тогуз банк картасы табылган.
Sputnik
БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Талас облусундагы орто мектептердин биринин директору мугалимдердин эмгек акысынын бир бөлүгүн өзүнө алып турганы аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
1 / 3
Талас облусундагы орто мектептердин биринин директору мугалимдердин эмгек акысынын бир бөлүгүн өзүнө алып турганы аныкталды
2 / 3
Маалыматка караганда, директор мугалимдерди "жумуштан кетирем" деп коркутуп келген
3 / 3
Факты Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды
Маалыматка караганда, директор мугалимдерди "жумуштан кетирем" деп коркутуп келген.
"Мектеп жетекчисинин иш бөлмөсүн тинтүү учурунда мугалимдердин жана техникалык кызматкерлердин тогуз банк картасы табылды", — деп айтылат маалыматта.
Факты Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.
Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча иш-чаралар улантылууда.