Апта ирмеми: аскердик төңкөрүштөн Burana мода жумалыгына чейин

Sputnik

Индиядагы Бангалор авиабазасында Aero India 2021 авиакөргөзмөсү ачылды.

Нью-Делиде (Индия) фермерлердин жаңы айыл чарба мыйзамдарына каршы нааразычылык акциясы уланууда.

Токиодо (Япония) Kawaii Monster Cafe эксцентрикалык кафеси иштеп жатат.

Апта ирмеми: Жапаровдун жылмаюусунан катар тизилген поезддерге чейин
Бразилияда коронавируска каршы AstraZeneca вакцинасы менен массалык эмдөө башталды.

Бишкекте Burana мода жумалыгы өттү.

Петрозаводск шаарынын Онежск көлүндө парус спорту боюнча Россиянын кубогу мелдешинин үчүнчү этабы башталды.

Бангкокто (Таиланд) Мьянма өлкөсүнүн элчилигинин алдында аскердик төңкөрүштөн улам митингге чыккандар менен полициянын ортосунда кагылышуу болду. 1-февралда таң эрте аскердик күчтөр бийликти басып алып, Мьянмада бир жылдык мөөнөткө өзгөчө кырдаал жарыялады.

1 / 16
Токиодогу эксцентрикалык Kawaii Monster Cafe кафесинин кызматкерлери
2 / 16
Индиядагы Бангалор авиабазасында Aero India 2021 авиакөргөзмөсү ачылды. Ал учуу, трюктарды жасоо менен коштолот. Эки жылда бир жолу өтүүчү бул иш-чарада авиакомпаниялар чыгарган өндүрүмүн жана технологияларын сынашат.
3 / 16
Нью-Делиде (Индия) фермерлер жаңы айыл чарба мыйзамдарына каршы чыгууда
4 / 16
Бразилиялык киши коронавируска каршы AstraZeneca вакцинасы менен эмделип жатат
5 / 16
Ырчы Дэя Москвада Vegas City Hall жайында өткөн ЖАРА KIDS FEST биринчи эл аралык музыкалык фестивалына катышууда
6 / 16
Петрозаводск шаарындагы Онежск көлүндө өтүп жаткан парус спорту боюнча Россиянын кубогу мелдешинин үчүнчү этабынын "сноукайтинг курс-рейс" дисциплинасынын катышуучулары
7 / 16
Индиянын Гувахати шаарынын аймагында мөмө-жемиш саткан соодагер
8 / 16
Бразилиянын Улуттук Конгрессинин имаратынын үстүнөн чартылдаган чагылган
9 / 16
Рио-де-Жанейронун четиндеги жасалма көлгө күнгө кактануу үчүн келген айым денесине изолентадан жасалган купальникти чаптатып жатат
10 / 16
Иерусалимде раввинди жерге берүү зыйнаты
11 / 16
Кышкы Байкал көлүндө коньки тээп жүргөн чоң эне
12 / 16
Нью-Йоркто кардуу борошо учурунда Таймс-сквердеги аял
13 / 16
Франкфуртка (Германия) жакын жерде жамгырдан жана кардын эришинен улам пайда болгон суу ташкыны учурунда темир жол өтмөгүнөн өтүп бара жаткан поезд
14 / 16
Мьянмадагы аскердик төңкөрүшкө байланыштуу Бангкоктогу элчиликтин жанындагы митингде полиция менен демонстранттардын кагылышуусу
1-февралда таң эрте аскердик күчтөр Мьянмада бийликти басып алышкан. Алар мамлекеттик кеңешчи Аун Сан Су Чжини, өлкө президенти Вин Мьинди, ошондой эле башкаруучу "Демократия үчүн Улуттук лига" партиясынын жогорку кызмат адамдарын кармап алышкан. Аскердик күчтөр өлкөдө бир жылга өзгөчө кырдаал киргизилгенин жарыялаган.
15 / 16
Алина Загитова Москвада (Россия) көркөмдөп муз тебүү боюнча музда секирүү фестивалына арналган Биринчи каналдын кубогу мелдешине катышып жатат
16 / 16
Модель кыз Бишкекте өткөн Burana мода жумалыгында кыргызстандык дизайнер Айзада Акматалиеванын колунан жаралган кийимди көрүүчүлөрдүн назарына алып чыгууда