Шаршембиге карата аба ырайы

10-февралга караган түнү республика боюнча туруксуз аба ырайы күтүлүп, тоолуу райондордо кар көчкү түшүү ыктымалдуулугу бар. Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот.
Sputnik
БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Шаршембиде күндүз көпчүлүк аймактарда жаан-чачын күтүлөт. Кээ бир райондордо туман түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетиши мүмкүн.
Абанын температурасы Чүй облусунда +3…+8, Таласта +4…+9, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +11…+16, Ысык-Көл өрөөнүндө +2…+7, Нарын жергесинде 0…-5 градус болот.
Бишкекте жамгыр жааса, Ошто жаан-чачын болбойт. Күндүн табы борбордо +6…+8, Ош шаарында +12…+14 градус болору болжолдонду.