Москвадагы театралдык окуу жай кыргызстандыктарды кабыл алат. Талаптары

Окуу жайга кабыл алуу атайын түзүлгөн комиссиянын кароосунда үч тур менен өтөт. Билим алууну Россия каржылайт.
Sputnik
БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Москва шаарындагы Михаил Щепкин атындагы жогорку театралдык институтка кыргызстандык абитуриенттерди бюджеттик негизде кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Маалыматта айтылгандай, билим алуу Россиянын мамлекеттик бюджетинин эсебинен каржыланат.
"2021-2022-окуу жылына карата бюджеттик негизде актёрдук чеберчилик боюнча "Драма театрынын жана кинонун актёру" адистигине күндүзгү бөлүмгө абитуриенттерди кабыл алууну жарыялайт. Окуу мөөнөтү 4 жыл", — деп жазылат маалыматта.
Ал үчүн абитуриенттер төмөндөгүдөй тапшырмаларды билүүсү жана аткаруусу зарыл:
Окуу жайга кабыл алуу атайын түзүлгөн комиссиянын кароосу менен үч турда өтөт.