Садыр Жапаров 17 судьяны дайындады. Тизме

Президентке 18 талапкер сунушталган. Алардын 17си судьялык кызматка бекитилди. Ал эми бир талапкер боюнча материалдар Кеңешке кайтарылды.
Sputnik
БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров 17 судьяны жергиликтүү сотторго дайындоо боюнча жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Судьяларды тандоо боюнча кеңеш тарабынан президенттин дарегине айрым райондук жана шаардык сотторго судьяларды дайындоо үчүн 18 талапкер боюнча сунуш келип түшкөн.
"Садыр Жапаров судьялык кызматка 17 талапкер боюнча Кеңештин сунушуна макул болду. Ал эми бир талапкер боюнча ар кайсы мамлекеттик органдардан суралган кошумча маалыматтарды жана пикирлерди карап чыгып, материалдарды Кеңешке кайтарды", — деп айтылат маалыматта.
Ысык-Ата райондук соту:
Кемин райондук соту:
Жалал-Абад облусунун административдик соту:
Алай райондук соту:
Араван райондук соту:
Кара-Кулжа райондук соту:
Кара-Суу райондук соту:
Ош шаардык соту:

Бишкек шаары:

Октябрь райондук соту:
Ленин райондук соту:
Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.