"Манас" аэропортунун экс-жетекчиси Эмир Чукуев апрелге чейин камакка алынды

Чукуев түркиялык компанияга эл аралык жүк ташуу боюнча жеңилдиктерди мыйзамсыз берген деп шектелүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Башкы прокуратура "Эл аралык "Манас" аэропорту" ЖЧК башкаруучулугунун мурунку башчысы Эмир Чукуевдин кармалганы боюнча түшүндүрмө берди. Бул тууралуу башкы көзөмөл органдын сайтында айтылат.
Чукуев түркиялык Gata havayollari ve tasimacilik компаниясына эл аралык жүк ташуу боюнча жеңилдиктерди мыйзамсыз берген деп шектелүүдө. Мындан улам ал өлкө казынасына ири өлчөмдө зыян алып келген.
600 миң долларга алдап кеткен. Сот бошотуп жиберген шектүү кайра камалды
Бүгүн, 8-февралда, Бишкектин Ленин райондук сотунда Чукуевдин баш коргоо чарасы каралып, 2021-жылдын 6-апрелине чейин камакка алуу чечими кабыл алынды. Шектүү Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №1 тергөө мекемесинде болот.
Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, ишкананын директорлор кеңешинин мурдагы төрагасы Албек Ибраимовдун жана компаниянын башка кызматкерлеринин аракетинин негизинде 2016-2020-жылдарда мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмү 12 миллион долларды түзгөн (893 миллион сом).
Аталган коррупциялык схемага тийиштиги бар деген шек менен аэропорттун дирекциясынын башчысы Нурсултан Белеков кармалган. Ошол маалда Эмир Чукуев да мыйзамсыз иштерге шектелген. Ал аталган кызматта 3,5 жыл иштеп, 2018-жылы башкармалыктын башчысы кызматынан кеткен.