"Манас" аэропортуна экс-депутат жетекчи болуп келди

Башкы директор жамаатка тааныштырылган. Ал — Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаты Бакыт Шаршеев.
Sputnik
БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. "Манас" эл аралык аэропорту" ААКтын төрагасы Бактыбек Сыдыков ээлеген кызмат ордунан бошотулду. Бул тууралуу аталган компаниянын маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, жамаатка жаңы башкы директор катары Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаты Бакыт Шаршеев тааныштырылган.
Бакыт Шаршеев
Сыдыков "Манас" эл аралык аэропорту" компаниясын 2020-жылдын октябрь окуяларынан бери жетектеп келген. Ошол учурдагы өкмөт башчы Садыр Жапаров эски кадрлар кызматка келбей турганын айткан. Кийинчерээк Сыдыков Жапаров менен сүйлөшкөнүн, ал бул жумушка төрага болушуна каршы эмес экенин билдирген.
Белгилей кетсек, Сыдыков да Жогорку Кеңеште алтынчы чакырылыштын депутаты болгон. Ал мурдагы президент Курманбек Бакиевдин мамлекеттик кеңешчиси Үсөн Сыдыковдун уулу.