Жапаровдун Москвага болчу сапарына даярдык башталды

Тараптар эки мамлекеттин жетекчилигинин катышуусу менен өтө турган иш-чаралардын планын иштеп чыгууну жана пандемиянын кесепеттерин жоюу маселелерин талкуулашкан.
Sputnik
БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Россиянын Кыргызстандагы элчиси Удовиченкону кабыл алды. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Анда айтылгандай, тараптар эки мамлекеттин жетекчилигинин катышуусу менен өтө турган жогорку деңгээлдеги иш-чараларды сапаттуу жана мазмундуу иштеп чыгууну талкуулашкан.
1 / 4
Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Россиянын Кыргызстандагы элчиси Удовиченкону кабыл алды
2 / 4
Анда айтылгандай, тараптар эки мамлекеттин жетекчилигинин катышуусу менен өтө турган жогорку деңгээлдеги иш-чараларды сапаттуу жана мазмундуу иштеп чыгууну талкуулашкан
3 / 4
Мындан сырткары, кыргыз-орус эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери, COVID-19 пандемиясынын кесепеттерин жеңип чыгуу маселеси, эл аралык уюмдар жана регионалдык бирикмелердин алкагында өз ара аракеттенүү боюнча пикир алмашышкан
4 / 4
Россиянын элчиси кыргыз-орус эки тараптуу мамиленин күн тартибинин актуалдуу маселелери боюнча предметтик диалог өткөрүүгө Россиянын даярдыгын жана расмий Москваны кыргыз тарап менен белгиленген бардык маселелер боюнча маалымдар кыла турганын айтты.
Мындан сырткары, кыргыз-орус эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери, COVID-19 пандемиясынын кесепеттерин жеңип чыгуу маселеси, эл аралык уюмдар жана регионалдык бирикмелердин алкагында өз ара аракеттенүү боюнча пикир алмашышкан.
"Руслан Казакбаев кыргыз тарап өлкө президентинин Россияга боло турган сапарына чоң маани бере турганын билдирди. Анын айтымында, аталган иш сапар кыргыз-орус кызматташтыгына кошумча импульс берет жана союздаштык мамилелер жана стратегиялык өнөктөштүк рухундагы өз ара түшүнүшүү жана ишеним атмосферасындагы мындан аркы эффективдүү саясий өз ара аракеттенүүнүн негиздерин салууга мүмкүнчүлүк түзөт", — деп жазылат маалыматта.
Казакбаев келечектеги тышкы саясий байланыштардын алкагында экономика, айыл чарба, өз ара соода, энергетика, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай кооперация тармактарындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга ылайыктуу шарттарды түзүү маселелерин талкуулоо ниетин билдирди.
Кыргызстандан Россияга учуучу туруктуу авиакаттамдар көбөйдү. Расписание
Россиянын элчиси кыргыз-орус эки тараптуу мамиленин күн тартибинин актуалдуу маселелери боюнча предметтик диалог өткөрүүгө Россиянын даярдыгын жана расмий Москваны кыргыз тарап менен белгиленген бардык маселелер боюнча маалымдар кыла турганын айтты.
Жолугушуунун соңунда тараптар бардык пландаштырылган иш-чараларды карап чыгууга, эки өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалдын турукташкандыгын эске алуу менен кыргыз-орус кызматташтыгынын жалпы комплексинин мындан аркы интенсификациясына үмүттөнөрүн кошумчалашкан.