БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Россиянын түз инвестициялар фонду "Спутник V" вакцинасын Европа биримдигинде (ЕБ) каттатуу үчүн арызын берип, аны Брюсселде кабыл алышты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
19-январда Дары каражаттары боюнча агенттик (ЕМА) "Спутник V" вакцинасын иштеп чыккандар үчүн илимий консультация өткөрүп, ошондон кийин ЕБга арыз берүү мүмкүндүгү пайда болгон.
"Фонддо арыздын кабыл алынгандыгы тууралуу расмий документ бар. Качан макулдук берилери ЕМАдан көз каранды", — деп айтылат билдирүүдө.
Буга чейин аталган агенттик арыз азырынча түшө электигин айткан болчу.
Эгер препаратты Европа комиссиясы жактырып, шарттуу түрдө каттоо күбөлүгүн берсе, россиялык вакцина Европа биримдигине жеткириле баштаса болот.
Белгилей кетсек, Европа биримдиги алгачкы вакциналар чыкканга чейин эле алты өндүрүшчү менен келишим түзгөн.
Учурда Европа биримдигинде Pfizer/BioNTech (600 миллион дозага чейин), Moderna (160 миллион дозага чейин) жана AstraZeneca (400 миллион дозага чейин) келишим бар. Ошондой эле ЕБ Johnson&Johnson, Sanofi-GSK жана CureVac компанияларынан вакцина алышы мүмкүн. Бирок алар өз арызын бере элек.
Мындай жол менен ЕБ коронавируска каршы 2,3 миллиард дозалык препараттарды алышы күтүлүүдө. Биримдик жайдын аягына чейин калкынын 70 пайызын эмдеп коюуну пландап жатат.
Бирок акыркы апталарда Pfizer/BioNTech жана AstraZeneca компаниялары препараттарды жеткирүүнү кечиктирип жатканы айтылууда.