Издөөдөгү Албек Ибраимов дагы бир коррупциялык ишке айыпталууда

Ибраимов "Манас" аэропортунун акционердик коомун директорлор кеңешинин жана Бишкек мэринин кызматын аркалап турганда түркиялык компаниянын кызыкчылыгын колдогону айтылат.
Sputnik
БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Бишкек шаарынын мурунку мэри Албек Ибраимов дагы бир коррупциялык ишке айыпталууда. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.
Ибраимовдун айланасындагы мыйзамсыз иштер Чукуевге карата козголгон сотко чейинки өндүрүш учурунда аныкталган.
"Албек Ибраимов "Манас" аэропортунун ачык акционердик коомун директорлор кеңешинин төрагасы жана Бишкек шаарынын мэри болуп турганда түркиялык Gata havayollari ve tasimacilik компаниясынын кызыкчылыгын коргогон. Мындан сырткары, аба майдандын айрым адамдары чет өлкөлүк компанияга артыкчылыктарды берүү аркылуу жеке пайда көрүшкөн", — деп жазылат маалыматта.
12 млн. долларлык зыян. "Манас" аэропортунда ири коррупциялык схема аныкталды
Аталган факт боюнча Ибраимовго коррупция беренеси менен сыртынан айып тагылган. Учурда ал изделүүдө.
Түркиялык компанияга мыйзамсыз жеңилдиктердин берилиши боюнча "Манас" аэропортунун мурдагы төрагасы Эмир Чукуев кармалып, эки айга камакка алынган.
Буга чейин УКМК "Манас" аэропортунда ири коррупциялык схема аныкталгандыгын, ага Албек Ибраимовдун катыштыгы тууралуу маалымат тараткан.