Мэрдин милдетин аткара турчу Эрмек Нургазиев тууралуу эмне белгилүү?

Эрмек Нургазиев 1977-жылы Чүй облусунун Жайыл районунда туулган. Бирок балалыгы Ош облусунда өткөн.
Sputnik
Билими:
Эмгек жолу:
Эрмек Нургазиев бир нече жыл бизнес жаатында иш алып барып, жеке ишкер болуп эмгектенген. Ал ишкерликти килем сатуу менен баштап, кийин кафе, унаа жуучу жай ачкан. Андан соң курулуш тармагына өткөн.
Нургазиев буга чейин "Эмма Строй" ЖЧКсынын башкы директору болуп иштеген. Аталган курулуш компаниясы Ысык-Көлгө коттедж шаарчасын курганы менен белгилүү. Азыр аталган компаниянын башкы директору катары Айдана Марасулова көрсөтүлгөн. Айдана Марасулова — Эрмек Нургазиевдин жубайы. Ал Алмазбек Атамбаев президент болуп турган учурда "Эне даңкы" медалы менен сыйланган.
Мэрдин милдетин убактылуу аткара турган Нургазиев 2020-жылы 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоого "Кыргызстан" саясий партиясы менен катышкан. Бирок өлкөдө 5-октябрда башаламандык болуп, бийлик алмашып, шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган.
Эрмек Нургазиев беш кыз, бир уулдун атасы. Кыздарынын арасында эгиздери да бар. Эмма аттуу кызы чоң теннис боюнча Кыргызстандын үч жолку чемпиону. Ошондой эле бир нече эл аралык турнирлерге катышкан.
Маалымат ачык булактардан алынды.