БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Сузакта үч баласы менен дайынсыз болуп жаткан 30 жаштагы Канзаада Аттокур кызы табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын маалымат кызматы билдирди.
Келин 15-январь күнү Сузак районунун Жыгач-Коргон айылындагы үйүнөн балдары менен чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканы кабарланган.
"Бул маалымат жарыялангандан кийин кайдыгер эмес жарандар тарабынан милицияга маалыматтар берилген жана келин өзүнүн атасынын үйүнө кайтып келген. Келин менен милиция кызматкерлери сүйлөшкөн учурда Ош шаарына эжесинин үйүнө кетип калгандыгын билдирген", — деп жазылат маалыматта.
Аял эч кимге доо арызы жок экендигин билдирген.