Кыргызстанда улуттук эмдөө календары бар. Ага ылайык, вирустук сарык оорусунун В түрүнө, кургак учукка, пневмококк, шал оорусуна, ротавирустук инфекциясына, көк жөтөл, сенек оорусуна каршы вакцина жасалат. Бул тууралуу Чынара Мамбеталиева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, вакциналар Кыргызстан менен ЮНИСЕФтин ортосундагы меморандумдун алкагында сатып алынат.
"ЮНИСЕФ уюмунун сатып алуу бөлүмү эл аралык тендер өткөрөт. Конкурска эл аралык GMP – мыкты өндүрүш практикасы стандартына ээ, ДССУнун переквалификациясынан өткөн гана компаниялар катышат. Ошондуктан уюм сатып алынып жаткан вакцинанын эффективдүүлүгүнө, сапатына кепилдик бере алат. Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө мыйзамга ылайык сапатын баалоо тартиби бекитилген. Мунун ичине вакцина да кирет. Сертификация учурунда дары-дармектердин сапатын тастыктаган сертификатка, арыз менен кошо берилген документтерге, ошондой эле жеткирүү документтерине талдоо жүргүзүлөт. Дары-дармектердин партиясы арыз ээсинин кампасында каралат, лабораториялык изилдөөлөр үчүн үлгүлөр алынат. Тандалган үлгүлөр аккредитациядан өткөн сыноо лабораторияларында текшерүүдөн өтөт. Эгерде бул экспертизалардын жыйынтыгы оң болсо, алынган дары-дармектердин ар бир партиясы үчүн сертификат берилет. Вакцина боюнча алсак, сактоо шартына ылайык муздак температурада талапка жараша алып келингени текшерилет", — деди Мамбеталиева.
Адис Кыргызстанга алынып келе турган коронавируска каршы вакциналарга чукул кырдаалда каттоосуз алып кирүүгө болот деген механизм менен сертификат берилерин кошумчалады.