Шайлоодо сүйлөшкөнбүз. Нургазиев аны кызматка кимдер түртмөлөгөнүн айтты

Нургазиев шаардык кеңешке шайлоо өткөндөн кийин мэрлик кызматка талапкерлигин коюу ниети бар экенин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткарууга келген Эрмек Нургазиев аны кызматка президент Садыр Жапаровдун айланасындагы адамдар түртмөлөгөнүн билдирди.
Ал өзү шаарды өнүктүрүү боюнча пландарын айтып, алгач демилге көтөргөнүн айтат.
"Президенттин айланасындагы адамдар менен сүйлөшкөм, алар мени Садыр Нургожоевич менен жолуктурушту. Ага пландарымды, идеяларымды айтып бергем. Садыр Нургожоевич менен шайлоо учурунда дагы сүйлөшкөнбүз. Эки жолку жолугушуудан кийин талапкерлигим жактырылды", — деди Нургазиев.
Ошондой эле ал эки айга кызматка келүүнүн мааниси жоктугун белгилеп, шаардык кеңешке шайлоо өткөндөн кийин мэрлик кызматка талапкерлигин коюу ниети бар экенин айтты.