Өспүрүмдөргө арналган тасмалардын тартылбаганын келечегибизге, балдарыбызга карата кайдыгер мамиле кылуу деп билем. Мындай оюн Айбек Дайырбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, кино жөнүндөгү мыйзам боюнча бул тармакка бюджеттен 0,1 пайыз каралган. Былтыр 170 миллион сом бөлүнүшү керек эле, бирок кыскарып отуруп 30 миллион сом бөлүнөрү белгилүү болгон. Тилекке каршы, кино тартууга тиешелүү каражат берилген жок.
"Былтыр пандемия башталганда телеканалдар карайлап калышты. Көрсөтөлү дегенге мультфильми жок болуп чыкты. Кыргызстандын тарыхында өкмөт тарабынан анимациялык тасма, анимациялык сериал, өспүрүмдөргө арналган бир дагы сериал тартыла элек. Муну менен өзүбүздүн, балдарыбыздын келечегине кайдыгер мамиле кылып жатабыз. Мисалы, былтыр кыска метраждуу анимациялык тасмага акча бөлүштү. Аны болгон жерден мактанып айтышат", — деди Дайырбеков.
Ошондой эле балдар темасына өкмөт жакшы көңүл буруп, тиешелүү долбоорлорду ишке ашырууга каражат бөлүнүшү керектигин кошумчалады.