Көрсөтүүнүн автору 1-февралдагы чыгарылышында Вашингтонго армиянын белгисиз мөөнөткө жайгаштырылышына көңүл бурган.
Автор белгилегендей, Жозеф Байдендин инаугурациясынан кийин аскер күчтөрү Вашингтондон чыгарылган эмес, тескерисинче, кошумча күч тартылган. АКШнын Улуттук гвардиясынын жетекчилиги аскерлерди борборго алып келүү максатын ачыктабайт. Бирок айрым демократиялык саясатчылар жоокерлер "расизмдин кара күчүн, шовинизмди жана дезинформацияны түп-тамыры менен жок кылат" деп ачык айтып чыгышкан.
"Алар эмне кылып жатышат? Улуттук Гвардиянын жетекчилиги дагы деле айткысы келбейт. Ыйгарым өкүлдүн айтканын келтирсем: "Иш-аракеттердин купуялуулугунан улам биз азыркы миссиянын майда-чүйдөсүнө кирбейбиз". Охо! Борборубузда жоокерлер жүрөт, бирок биз эмнеге жүргөнүн билүүгү укугубуз жокпу?" - деп суроо салган баяндамачы.
Көрсөтүүнүн 04:50үнчү мүнөтүндө Такер Вашингтондун борборуна аскерлердин жайгаштырылышы адаттан тыш экенин айтып, мындай көрүнүш АКШда эмес, Кыргызстанда көп кездешиши мүмкүн экендигин белгилеген.
"Ойлонуп көрсөңүз! Дезинформацияга каршы күрөшүү үчүн Вашингтонго аскер күчтөрү жөнөтүлдү. Сиз демократ-губернаторго жакпаган пикир айтсаңыз ал аскерлерин жөнөтөт. Сиз ушундай мамлекетте чоңойгонсузбу? Андай эмес. Бул АКШдагы көрүнүштөргө окшобойт. Мында жарандык согуш да болгон эмес. Бир дагы жаран мындайга күбө болбогон", — деген алып баруучу.
Белгилей кетсек, Жо Байдендин инаугурациясына чейин Улуттук гвардиянын аскерлери АКШнын борборуна алып келинген. Инаугурация учурунда Капитолийди 23 штаттан келген улуттук гвардиячылар кайтарган. Кийинчерээк алардын саны мурдагыдан да көбөйгөн.