Сыздоок тогуздап чыкпашы үчүн эмне кылуу керек. Дарыгердин кеңеши

Адистин айтымында, сыздооктун чыгышына стафилококк инфекциясы себепкер. Ал организмге иммунитет түшүп кеткенде же гормоналдык фон өзгөргөндө кирип кетет.
Sputnik
БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Педиатр жана алып баруучу Евгений Комаровский сыздоок тогуздап чыкпашы үчүн эмне кылуу керектигин түшүндүрдү. Бул тууралуу анын Instagram баракчасына шилтеме берип РИА Новости жазды.
Дарыгердин айтымында, сыздооктун чыгышына стафилококк инфекциясы себепкер. Ал организмге иммунитет түшүп кеткенде же гормоналдык фон өзгөргөндө кирип кетет.
Дерматолог COVID-19дун кесепетинен тери оорулары пайда болорун айтты
Андыктан адис чыйкан чыгары менен сыртынан бактерияга каршы дары-дармектерди сүйкөп, ал эми стафилококко каршы каражаттарды ичүү керектигин айтат.
Сыздоок — түк капчаларынын жана ага байланыштуу май бездерин ириңдетүүчү стафилококк микробу пайда кылган сезгенүү.
Сыздоокко теринин кичинекей болсо дагы жаракат пайда болгон жеринин булганышы, кийимдин өйкөшү, анын химиялык заттар менен дүүлүгүшү, ошондой эле тер менен майдын көп бөлүнүшү, витаминдин жетишсиздиги, зат алмашуунун бузулушу себеп болот.