600 миң долларга алдап кеткен. Сот бошотуп жиберген шектүү кайра камалды

Тергөө учурунда шектүү буга чейин да алдамчылык фактысы боюнча бир нече ирет жоопко тартылганы белгилүү болду.
Sputnik
БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Буга чейин ири суммадагы алдамчылыкка шектүү катары кармалып, бирок соттун чечими менен үй камагына чыгып кеткен Долотбак Акимканов кайра камалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы (Финпол) билдирди.
Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын январь айында Акимканов Финпол тарабынан жарандарды 600 миң долларга алдап кетти деп кармалган. Ал эми Биринчи май райондук сотунда баш коргоо чарасы тандалып, үй камагына чыгарылган.
Мындан улам Башкы прокуратура Бишкек шаардык сотуна апелляциялык даттануу менен кайрылган. Натыйжада 4-февраль күнү шектүүнүн баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, тергөө бүткөнгө чейин камоо чечими чыккан.
"Тергөө учурунда кармалган Долотбак Акимканов буга чейин расмий документтерди жасалмалоо жана алдамчылык фактылары боюнча бир нече ирет кылмыш жоопкерчилигине тартылганы белгилүү болду. Финпол ички иштер органдарынан шектүүгө карата алдамчылык фактысы боюнча ачылган сотко чейинки өндүрүштөгү материалдарды берүүсүн сурады", — деп айтылат маалыматта.
Учурда тергөө жүрүп жатат. Финансы полициясы кокус шектүүнүн торуна илингендер болсо, тезинен кайрылууну же ишеним номерине чалууну өтүндү.