Шейшембиге карата аба ырайы

9-февралга караган түнү өлкөдө туруксуз аба ырайы күтүлүп, тоолуу райондордо мезгил-мезгили менен кар жаайт. Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот.
Sputnik
БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Шейшембиде күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Кээ бир райондордо туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы Чүй облусунда -2…+3, Таласта 0…+5, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +9…+14, Ысык-Көл өрөөнүндө +2…+7, Нарын жергесинде 0…-5 градус болору айтылды.
Күндүн табы Бишкекте +1…+3, Ош шаарында +11…+13 градусту көрсөтөт.