Россияга элди жөнөтүү үчүн медициналык документ жасап берип жүргөн киши кармалды

Кармалган кишинин иштеген жеринен медициналык мекемелердин жана медиктердин, анын ичинде Москва шаарынын дарылоо мекемелеринин жасалма мөөрлөрү жана штамптары табылган.
Sputnik
БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Жарандарды Россияга жиберүү үчүн ал өлкөнүн дарылоо мекемелеринин жасалма медициналык тактамаларын берип жүргөн киши кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Аталган факт боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында министрликтин транспорт иштери боюнча башкармалыгынын тергөөчүлөрү тиешелүү иш-чараларды жүргүзгөн.
Анын жүрүшүндө Финансы полициясынын мурдагы кызматкери, учурда "Беш-Сары" соода борборунда жайгашкан "Тумар" жеке авиакассасында иштеп жүргөн Ж.А. кармалган.
1 / 5
Жарандарды Россияга жиберүү үчүн ал өлкөнүн дарылоо мекемелеринин жасалма медициналык тактамаларын берип жүргөн киши кармалды
2 / 5
Аталган факт боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында министрликтин транспорт иштери боюнча башкармалыгынын тергөөчүлөрү тиешелүү иш-чараларды жүргүзгөн
3 / 5
Анын жүрүшүндө Финансы полициясынын мурдагы кызматкери, учурда "Беш-Сары" соода борборунда жайгашкан "Тумар" жеке авиакассасында иштеп жүргөн Ж.А. кармалган
4 / 5
Материал Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 359-беренеси ("Документтерди жасалмалоо") менен катталган
5 / 5
Тергөөнүн жүрүшүндө укук коргоо органдарына Т.Н. аттуу жаран кайрылып, 46 050 сомго Бишкек — Москва каттамы боюнча билет менен жасалма медициналык тактама сатып алгандыгын билдирген
"Ал иштеген жерден медициналык мекемелердин жана дарыгерлердин, анын ичинде Москва шаарынын дарылоо мекемелеринин бир нече жасалма мөөрү жана штамптары табылып, алынган. Шектүү жабырлануучуларды алдап, кайсы бир документтерди сунуштап, Россияга учууга жардам бере тургандыгын айткан", — деп жазылган маалыматта.
Материал Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 359-беренеси ("Документтерди жасалмалоо") менен катталган.
Чүйдө милиция кызматкери пара алып жатып кармалды
Тергөөнүн жүрүшүндө укук коргоо органдарына Т.Н. аттуу жаран кайрылып, 46 050 сомго Бишкек — Москва каттамы боюнча билет менен жасалма медициналык тактама сатып алгандыгын билдирген.
Учурда тергөө амалдары уланууда.
Тергөө кызматы шектүү Ж.А. аттуу кишинин мыйзамсыз аракеттеринен жабыр тарткан жарандарды 0312 351 270, 0701 351 270 жана 0708 003 619 номерлерине байланышууну өтүнөт.