Ошто соцтармактан таанышкан окуучу кызды зордуктады деген балдар кармалды

Жабырлануучу кыз шектүү балдар менен Instagram социалдык түйүнү аркылуу таанышып, жолугушууга келгени маалым болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Ош шаарында 16 жаштагы окуучу кызды зордуктоого шектелип эки улан кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык милициянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, декабрь айында Ош облусунун тургуну арыз жазып, Ош шаарында анын 16 жаштагы кызын белгисиз эки жаран калаадагы батирлердин биринде зордуктап койгондугун жана аларга жаза берүүнү өтүнгөн.
КРде зордук-зомбулукка кабылган аялдар көбүнчө кайда кайрылат. Статистика
ШИИБдин криминалдык милиция кызматы тарабынан 6-февраль күнү бул кылмышка шектүү катары Ош шаарында жашаган 20 жаштагы К.Т. жана А.К. аттуу эки улан кармалган. Аларга карата Жазык кодексинин 161-беренеси ("Зордуктоо") менен сотко чейинки өндүрүш ачылды.
Алгачкы тергөөдө жабырлануучу кыз шектүү балдар менен Instagram социалдык түйүнү аркылуу таанышып, баарлашып жүргөнү маалым болгон. Ал эми Ош шаарына алардын чакыруусу менен келгени айтылат.