Күн сайын 1 млн. доллардан кошулуп турган. Мамлекеттик карыздын былтыркы өсүшү

Былтыр мамлекеттин бересеси өсүп отуруп, май айында биринчи жолу 4,7 миллиард доллардан ашкан. Июль айында бул көрсөткүч 4,8 миллиардга жеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Өткөн жылы Кыргызстандын мамлекеттик карызы дээрлик 350 миллион долларга өстү.
Эске салсак, мамлекеттик карыз тышкы жана ички (баалуу кагаздарды чыгаруу) береседен куралат. Былтыр ал өсүп отуруп, май айында биринчи жолу 4,7 миллиард доллардан ашкан. Июль айында бул көрсөткүч 4,8 миллиардга жеткен.
Өткөн жылдын акырындагы маалымат (кашаанын ичинде салыштыруу үчүн 2019-жылдын 31-декабрына карата маалымат берилди):
Белгилей кетсек, ички карыз доллардын курсунун өсүшү менен гана төмөндөдү. Эгер сом менен эсептей турган болсок, ички карыз 7,2 миллиард сомго жогорулап, 58,5 миллиардды түздү.