БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Россиялык айтылуу ырчы Лев Лещенконун репертуарында Кыргызстан тууралуу ыр бар экенин көпчүлүк биле бербесе керек.
Николай Старостиндин сөзүнө жазылган "Ала-Тоо — земля моя родная" аттуу чыгарманы Лещенко ырдап жаткан видеону Александр Зеличенко өзүнүн Facebook баракчасына жүктөдү.
Ретро музыкалар боюнча сайтта жазылганына караганда, Лещенко бул ырды 1985-жылдын март айында композитор Людмила Лядованын юбилейлик кечесинде ырдаган. Иш-чара Москва шаарынын Союздар үйүндө өткөн.