БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Кыргызстанга Үрүмчүдөн ишкерлердин товарларын арткан 47 контейнерлүү вагону менен алгачкы экспресс поезд келди. Бул тууралуу биринчи вице-премьер Артем Новиков билдирди.
Чиновник бул боюнча видео маегин соцтармакка чыгарып, жүк ташуучу поезддин келишин маанилүү окуя деп белгилеген.
Новиковдун айтымында, контейнерлерде "Дордой" базарынын соодагерлеринин товарлары менен кошо башка ишкерлердин да жүктөрү келген. Ал күзүндө Өкмөт үйүнүн алдында бир канча айдан бери Кытайдан товарлары келбей жаткан ишкерлер митинг уюштурганын белгиледи. Ошол кездеги премьер-министр Садыр Жапаров маселени чечүүнү тапшырган. Новиковдун билдиришинче, анын жыйынтыгында ишкерлердин жүктөрүн айына эки ирет поезд менен алып келүү боюнча макулдашууга кол коюлган.
Биринчи вице-премьер белгилегендей, "Торугарт" жана "Эркечтам" өткөрүү пунктуларындагы (Нарын жана Ош облустары) эпидемиологиялык чектөөлөрдөн улам санитардык талаптар күчөтүлгөн. Андыктан ишкерлердин товарлары өз убагында келген эмес. Кытай тарап февраль айынын аягына чейин "Эркечтам" көзөмөл-өткөрүү жайына заманбап кампа жана дезинфекциялоочу пункт курууну убада кылууда. Бул өз кезегинде суткасына 30 унаага чейин өткөрүүгө мүмкүндүк берет.
"Биз мурда алып өтүп келген көлөмгө жете элекпиз. Деген менен алгачкы кадамдар жасалды. Өкмөт кабыл алган чечимдер бул жааттагы көйгөйдү жеңилдетип, ишкерлердин толук кандуу иш жүргүзүүсүнө мүмкүндүк берет деп үмүттөнөбүз", — деген Новиков.
Ал кошумчалагандай, темир жол аркылуу ташуулардын көлөмүн айына бир миң вагонго жеткирүү боюнча сүйлөшүү жүргүзүлөт. Мындан сырткары, учак менен ташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо каралууда.
Новиков буга чейин жеке поезддер каттап, чийки зат ташыгандыгын жана мультимодалдык темир жол транспорту биринчи жолу практикаланып жаткандыгын белгиледи.